super.kg logo

Күндүн сүрөтү: "Шайлоочуларга эн коюп салыптыр". Социалдык тармакта тараган сүрөттөр

 

Бүгүн, 4-октябрь саясий партиялар дагы, шайлоочулар дагы көптөн күткөн добуш берүү күнү.

Шайлоо участкалары таң эрте саат 08:00дөн баштап иштеп баштады. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу быйылкы шайлоо санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өтүүдө.

Ага ылайык, ар бир келген шайлоочунун дене табы текшерилип, акысыз бет кап жана кол кап таратылып жатат.

Добуш бергени келген жарандардын басымдуу бөлүгү өздөрүнүн бет каптары менен кирип, добуш берип жатканы маалым. Буга карата социалдык тармактын Нургалы Жумагулов аттуу колдонуучусу айрым жарандар белги коюлган бет кап менен келип жатканын жазып чыкты. Ал баракчасына сүрөт жүктөп, астына "малга эн койгондой эле, шайлоочуларга эн коюп салыптыр" деген билдирүү калтырган.

Мындан тышкары социалдык тармактарга жалаң окшош, жашыл түстөгү бет кап тагынып келишти деген сүрөт тарады.

БШКнын төрайымы 4-октябрь саат 10:00гө карата жалпы 236 миң 921 жаран добуш бергенин кабарлады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.10.2020. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Демек шайлоо таза откон жок! Бул шайлоону жокко чыгарыш керек болуп калды.
Шарипан Шарипович, Кыргызстан учун куйсонуз демек акты ак, караны кара дечу убакыт келди!
04.10.2020. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
TIMON_BERKOWITZ,шарипа эмес шариман
04.10.2020. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу еени барларды баарын болуп Кыргызстандан айдайт елем Аллах мага куч бергенде. Мекенибизди арзыбаган акчага сатып жатып туготмой болдунар
bekov01 түзөттү 2020-10-04 17:10:40
04.10.2020. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле ач курсактар келе турган болду бийликке.Эртен ошо берген мин сомун,100минден сыгып алатго.Шордуу эле эл экенбиз озу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: