"500дөй адам. Сыртына жетишпей жатабыз". Бишкек шаарындагы №1064 шайлоо участкасында кезекке тургандар көп болууда






Бүгүн, 4-октябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүндө Бишкек шаарындагы №1064 шайлоо участкасында кезекте болжол менен 500дөй адам турат.
Аталган шайлоо участкасынын төрагасы Алмаз Мамытовдун айтымында, мындай узун кезекке тургандар болору күтүлгөн.
"Азыр сыртта болжол менен 500дөй адам кезекте турат. Биз шайлоо участкасынын ичине жетишкенибиз менен сыртына жетише албай калдык. Ушундай болору күтүлгөн. Себеби биздин шайлоо участкага 2 миң 500дөй адам каттоого турган", - деди Мамытов.
Анын айтымында, саат 11:50гө карата №1064 шайлоо участкасында болжол менен 400дөй шайлоочу добуш берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.