super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Япониядагы мектептердин жарманкеси болду

 
Бүгүн, 21-сентябрда Бишкектеги улуттук китепканада Япониядагы мектептердин жарманкеси болду. Ага Япониянын ар кайсы шаарынан келген 10 япон тилин үйрөтүүчү, жогорку окуу жайларга даярдоочу мектептердин өкүлдөрү келип катышты. Иш-чараны билим берүү жана илим министри Канат Садыков ачты.  "Япония ар тараптуу өнүккөн өлкө. Биздин жаштардын Япониядан билим алып, тажрыйба топтоп келүүсү биз үчүн абдан пайдалуу. Мен бул жерде неберелерин жетелеп келген чоң аталарды, балдары менен жүргөн ата-энелерди көрүп турам жана бул көрүнүш мени абдан кубандырды. Иш-чараны Борбор Азияда биринчи жолу уюштуруп жаткан Кыргызстандагы жападан жалгыз "Саат билим" япон мектебине ыраазычылык билдирем",- деди министр. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: