"8ден бери турабыз". Бишкектеги №1064 шайлоо участкасында шайлоочулар кезек талашууда (видео)



Бүгүн, 4-октябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүндө Бишкек шаарындагы №1064 шайлоо участкасында кезекте турган шайлоочулардын саны болжол менен 500дөн ашты.
Айрым шайлоочулар саат 08:00дөн бери кезекте турганын айтышса, айрымдары кээ бир шайлоочулар түртүп эле кирип жатканын айтып нааразы болушууда.
Аталган шайлоо участкасынын төрагасы Алмаз Мамытовдун айтымында, саат 11:50гө карата болжол менен 400дөн ашык шайлоочу добуш берди.
"8ден бери турабыз". Бишкектеги №1064 шайлоо участкасында шайлоочулар кезек талашууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:07
2021-01-18
1:41
2020-11-15
18:03
2020-10-31
9:23
2020-10-26
12:55
2020-10-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.