super.kg logo

Ала-Арча конушундагы кезек күтүү. Шайлоочулар тизмеден өздөрүн таппай, кайра кайтышууда

 

Ала-Арча конушундагы №1033, 1034, 1061 шайлоо участкаларында азыркы тапт (саат 12:00гө карата) шайлоого келген жарандардын узун кезекке туруусу уланууда. Кезек күткөндөрдүн арасында балалуу аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана пенсионерлер да бар. Тартип сакчылары аралыкты сактоо боюнча көзөмөл жүргүзүшкөн жок. Мынча адамдан турган узун кезектин орун алышына бир тилкеге 3 добуш берүү участкасы уюштурулганы себеп болууда.

Мындан тышкары добуш берүү участкаларына келип, өздөрүн тизмеден таппай калгандар болууда. Эки жаран эртеден бери кезек күтүп отурушуп, добуш бергени киргенде өздөрүн тизмеден таппай калышты. Натыйжада алар өздөрүнүн добуштарын бере алышкан жок. Тактоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында, форма-2 документин ушул конуштан толтурган Багдат Тургуналиеванын фамилиясы Ала-Арчадан эмес, Аламүдүн районунан аныкталды. Базаркул Осмонкулова болсо добушун бербей калды.






Жаңы конуштарда өздөрүн тизмеден таппай, кайтып кеткендер болууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: