super.kg logo

"Саат 14:00гө карата". Чет жакта жүргөн мекендештерден 3 миң 585 адам добуш берди

 

Өлкөдөн тышкары түзүлгөн шайлоо участкаларында жалпы 3 миң 585 Кыргыз жараны добуш берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө карата Орусияда (Москва, Санкт-Петербург, Түштүк-Сахалинск, Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург, Якутск, Иркутск, Сургут), Япония, Кытай Эл Республикасы (Пекин, Гуанчжоу), Малайзия, Индия, Пакистан, Казакстан (Асатан, Алматы) Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Бириккен Араб Эмираттары (Абу-Даби, Дубай), Иран, Беларусь, Түркия (Анкара, Стамбул), Сауд Арабия, Катар, Кувейт, Украина, Германия (Берлин, Франфурт-на Майне, Бонн), Австрия, Италия, Франция жана Улуу Британияда шайлоо участкалары ачылганы маалымдалат.

"Аталган шайлоо участкаларындагы добуш берүүгө консулдук каттоодо турган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз жарандары катышып жатат. Шайлоо бекитилген тартипте, мыйзамга ылайык өтүүдө.

4-октябрь саат 14:00гө карата өлкөдөн тышкары түзүлгөн шайлоо участкаларында жалпы 3 миң 585 адам добуш берди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.10.2020. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Россиянын кичинекей шаарындамын 10миндей кыргыз жараны барбыз эч кандай шайлоо жонундо соз жок мен барып добуш бермекмин бирок каерге барып добуш берем мендей адамдар толтура.Эч кандай уюштурулбаган эч нерсе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: