super.kg logo

Бишкектеги №5 мектеп-лицейинин кошумча окуу корпусунун курулушу уланууда

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда добуш бергенден кийин Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы № 5 улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин кошумча окуу корпусунун жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттик аппаратынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков жаңы окуу корпусун курууда жана жабдууда билим берүү процессине заманбап, санарип технологияларын киргизүү шарттары эске алынышы керектигине токтолду.

"Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Көкөчаров 375 орундуу, эки кабаттуу жаңы имараттын курулушун 2021-жылдын июнь айында аягына чыгаруу күтүлүп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле азыркы учурда окуу жүктөмдөрү көп болуп, окуучуларга орундар жетишпей жаткан жерлерде жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды куруу иштери улантылып жатканын эске салды.

Мамлекет башчысы окуучуларды окутууда билим берүүдөгү алдыңкы тажрыйбаларды жана заманбап, санариптик чечимдерди колдонуунун өзгөчө маанисин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: