super.kg logo

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев добуш берди

 
Бүгүн, 4-октябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүндө Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев добуш берди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Шаар башчы №2105 шайлоо участкасында жарандык милдетин аткарып, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышты. Мэр шаардыктарды шайлоонун таза, ачык-айкын өтүшүнө салым кошууга чакырып, ар бир добуш өлкө тагдыры үчүн маанилүү экендигин белгиледи", - деп билдиришти мэриядан.
Ал эми шаар бийлиги тарабынан шайлоо участкаларында тийиштүү шарттар түзүлгөн. "Калктын саламаттыгын коргоо үчүн санитардык эрежелер тыкыр көзөмөлдө. Жарандарды да бир жарым метр аралыкты кармап, тартипти сактоого чакырабыз", - деп кошумчалады мэриядан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: