super.kg logo

Актёр Бектемир Мамаюсупов шайлоо бюллетенин сүрөткө тартканы боюнча түшүндүрмө берди (видео)

 

Актёр Бектемир Мамаюсуповдун шайлоо участкасында шайлоо бюллетенин сүрөткө тартып алганын чагылдырган видео тарады. Бул тууралуу SUPER.KG порталы актёр менен байланышып, окуянын кандай болгонун өз оозунан укту. Айтымында, ал бюллетенди сүрөткө акча үчүн эмес, жеке өзү үчүн тартып жаткан жана ал документти сүрөткө тартууга болбой тургандыгын билген эмес.

"Ооба, чын эле бюллетенди сүрөткө тарткам. Анткени мен аны сүрөткө тартууга болбой тургандыгын билген эмесмин. Бир сайт Мамаюсупов акча үчүн сүрөткө тартты деген сыяктуу маалыматтар менен паспортумду кошуп чыгарып жибериптир.

Негизи жеке паспортту чыгаруунун өзү да туура эмес да. Ызы-чуу салсам деле болмок, бирок майда иш деп маани берген жокмун. Сүрөткө мен өзүм үчүн эле тартып жаткам. Ага карабай, негизгиси өз жарандык парзымды аткарып, шайлоого катышып келдим", - деди Мамаюсупов.






Актер Бектемир Мамаюсупов бюллетенин сүрөткө тартып алган видеосу тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.10.2020. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канчага саттын добушунду.Жон эле тартмак беле суротко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: