super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте балдар чыгармачылыгынын фестивалы өттү

 

21-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясы шаардын 135 жылдыгына карата балдар чыгармачылыгынын фестивалын өткөрдү. Фестивалга шаардан 10 000дей бала катышып, иш-чара Эмен сейил багында өткөрүлдү. Балдар чыгармачылык борборлорунун педагогдору, тарбиялануучулары, жаш техниктер станциясынын өкүлдөрү, мектептердин куурчак театрларынын жамааттары, балдардын музыкалык, спорттук мектептеринин жамааттары көңүлдүү оюн-зоокторду шаардыктарга тартуулашты. Атайын уюштурулган көргөзмөлөрдүн алкагында ар кандай багыттарда сүрөт тартуулар, чеберчиликке үйрөтүүлөр, шахмат оюну боюнча мелдештер, аба фигураларынын жана “Флористика” гүлдөр фестивалы өткөрүлдү.  

Балдарды майрамы менен шаар башчысы Иса Өмүркулов куттуктап: “Фестиваль - балдардын майрамы. Биз балдарыбыздын чыгармачылыгын өстүрүүгө бардык шарттарды түзүп беришибиз зарыл. Бүгүнкү өтүп жаткан фестиваль балдарыбыз үчүн көрүп жаткан көп кырдуу иштерибиздин бири”,- деди.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: