super.kg logo

"Шайлоо участкаларынын 79 пайызында пандустар бар". Аларды колдонууга ыңгайсызбы?

 

Өлкөдөгү шайлоо участокторунун 79 пайызында пандустар бар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

"Атайын форматтарды колдонуу менен 12 миң 400 экземпляр маалыматтык материалдар басылып чыгарылган. 2 миң 400 чакыруу кнопкасын көрсөтүүчү табличкалар менен камсыздалган. Ар бир шайлоо участогунда саламаттыгынан чектелген адамдар добуш берүүсү үчүн бирден кабина жабдылган. Бюллетенди толтуруу үчүн чоңойтуучу айнек (лупа) жана брайль трафарети коюлган. БШК имаратында call-борбор уюштурулган, анда иштешкен операторлор саламаттыгы чектелген адамдар (8 адам). Добуш берүү күнү шайлоо участокторунун 79 пайызында пандустар жасалган", - дешти БШКдан.

Буга карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн орнотулган пандустар колдонууга ыңгайсыз экенин №1327чи шайлоо тилкесиндеги байкоочу айтып берди.

"Бул жылы бир топ жылыштар бар. Алсак, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана улгайган адамдар үчүн пандуска чыга бериште атайын чакыруу кнопкасы жайгаштырылган. Аны басканда жардамчылар келип, ичке алып кирип жатышат. Бирок дагы деле шарт жок. Анткени бизде орнотулган пандустар эл аралык стандартка туура келбейт. Мисалы, бул жактагылар рельстүү пандустар. Мен бул пандуска балдагымды коёмбу же бутумду коёмбу. Бирок жардам берген күнү деле бул пандустарды колдонгонго болбойт. Ошон үчүн аларды алмаштырыш керек", - дейт байкоочу.






Шайлоо участкаларда социалдык аралык сакталуудабы?

Автор: Бактыгүл Султаналиева
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: