УКМК: "Кыргызтелекомдун" мурдагы жетекчилиги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда
"Кыргызтелекомдун" Республикалык телевидение жана радиоуктуруу магистралдарынын өндүрүштүк бирикмесинин мурдагы жетекчиси акчаны мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталды. Муну Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кабарлады. Аталган бирикме 2010-жылы жасалма документтер аркылуу жеке компаниялардын биринен керектүү жабдууларды кымбат баада көрсөтүп, 24,3 миллион сомго сатып алган.
Факты боюнча Башкы прокуратура 16-сентябрда алдамчылык, коммерциялык уюмдарда иштеген кызматкерлердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө жүрүп жатканы кабарланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
saru

23.09.2013. 10:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жумуштан кеткен кишини да жон коюшпайт, ошол акчаларды жеп-ичип жургондо тийиштуу органдар каякты карап журушту эле.Ошол убакта жагалданып жургон адамдар, азыр артын чукуп отургандай эле болуп турат
Afrodita-12

23.09.2013. 11:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармаш керек баардык коррупционерлерди, экс жетекчи, атайылап Кыргызтелекомду банкрот кылып, жеке менчикке сатайын деген.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.