Бүгүн, 23-Сентябрь - Мамлекеттик тил күнү
Бүгүн, 23-Сентябрь - Мамлекеттик тил күнү. 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алып, кыргыз тили өлкөдө "мамлекеттик тил" деген статус алган. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили - мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. Кыргыз тили күнүнө карата өлкө боюнча билим берүү жайларында, бир катар мекеме-ишканаларда атайын иш-чаралар уюштурулат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:15
2026-02-21
15:31
2026-02-21
14:45
2026-02-21
10:22
2026-02-21
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















