super.kg logo

Кайсы партиялар шайлоо жыйынтыгын тааныган жок? (тизме)

 

4-октябрда Кыргыз өлкөсүндө парламенттик шайлоо болуп өттү. Саат 22:00гө карата парламенттик шайлоодо добуштардын 7 пайыздан ашыгын төрт партия - "Биримдик" (24,55%), "Мекеним Кыргызстан" (23,93%), "Кыргызстан" (8,76%) жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясы (7,1%) камсыздады.

Алдын ала маалыматтар жарыялангандан кийин, бир катар партиялар өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган болсо, кээ бир партиялар жыйынтыктан күмөн санашты.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз дегендердин бири - "Социал-демократтар" партиясы. Бул тууралуу нааразычылык акциясы өтүп, анда партия өкүлү Темирлан Султанбеков шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын, анткени бул шайлоодо көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун билдирди.

"Ата Мекен" партиясынын лидерлери журналисттерге маалымат берип, шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз жана өтпөй калган башка партиялар менен оппозициялык блок түзөбүз деп билдиришти. "Реформа" партиясы да шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмес. Макул эместердин катарында "Мекен Ынтымагы" партиясы дагы бар.

"Бир Бол" партиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт жана шайлоону башкаруунун автоматташтырылган тутумуна кийлигишүү болгон деп эсептейт. Ал эми "Замандаш" партиясы болсо шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, оппозицияга кетип жаткандыгын жарыялады.

Мындан сырткары бир катар партиялар шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санап жатышат. Шек санаган партиялардын катарында "Ыйман Нуру" жана "Республика" партиясы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
05.10.2020. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Туура жокко чыгарып кайра шалоо откоруш керек
05.10.2020. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Экинчи тур откозуш керек
05.10.2020. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мекенчилдер оттубу ким билет
05.10.2020. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
KAYRATBEK,өткөн жок да
05.10.2020. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Парламент бийликтики болду.
05.10.2020. 06:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
munduz2016, андай эмес бийликти паракорлор ээлеп алышты
05.10.2020. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мекенчилдер отуш керек болчу.
05.10.2020. 07:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алдыдагы уч партия отпош керек эле мафия кылып отушту
05.10.2020. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз компютерди да алдайт экен да,программисттер атайын бурмалаган бийликтин партиясына көп добуш берип, Бүтүн Кыргызстан биринчи орунда жок дегенде 30 пайызга жакын добуш алган.Мекенчил,Ата-Мекен 2,3 орундарды.
05.10.2020. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми элди соргула дагы беш жыл
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: