super.kg logo

"Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай каалайм". Президент билим берүү кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

 

Президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

"Урматтуу мугалимдер, кымбаттуу агай-эжелер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Биздин коомубузда ар дайым мугалимге карата урмат-сый, жылуу сезим сакталып келет. Мугалим — терең билим берип, дүйнөнү тааныткан устат, келечекке жол көрсөтүп, чоң турмушка аттандырган насаатчы. Азыркы мезгилде агартуучулук кесиптин ролу, мугалимдердин коомдогу баркы жогорулоодо. Кыргызстандын мугалимдер корпусу татыктуу келечек муунду тарбиялоо үчүн учурдун сыноолорунан татыктуу өтүп жатат. Коронавирус пандемиясынын шартында да окуучуларга билим берүү ишин үзгүлтүккө учуратпай, аны тынымсыз улантууга зарыл болгон өзгөрүүлөрдү кыска убакытта ишке ашырдыңыздар. Мамлекет сиздердин ак ниет эмгегиңиздерди бийик баалайт, баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Мындан ары да билим берүү кызматкерлерин социалдык жактан колдоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары сакталат.

Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, жаш муундарды окутуп-тарбиялап жаткан асыл ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.10.2020. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктай берип баарынын конулун алып бутмой болдуго туштук Кореяны да куттуктаган экен эми тундук Корея капа болуп атат имиш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: