Премьер-министр Кубатбек Боронов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады
Премьер-министр Кубатбек Боронов мугалимдерди кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
«Урматтуу мугалимдер!
Урматтуу окутуучулар жана билим берүүнүн кызматкерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Бүгүн чындыгында өзгөчө майрам, себеби мектептеги окуучулук жана студенттик күндөр эң сонун, кайталангыс күндөр болгондугу эске келет жана биздин алган билимдерибиз ушундай сонун күн менен тыгыз байланыштуу.
Азыркы учурда өлкө боюнча 70 миңден ашуун мугалим эмгектенет, алар үчүн бул кесип жөн гана кесип эмес, бул алардын ишке болгон шыгы, ынтаасы. Кыргызстандын педагогдору бардык учурда кесиптик жетишкендиктердин жогорку чегин карманып жүрүшкөн, түгөнгүс чыдамкайлык, акылмандык менен өзгөчөлөнүп, ошону менен бирге коомдун интеллектуалдык бөлүгү болуп, ар дайым акыркы убактардагы социалдык-экономикалык реформалардын чордонунда болуп келишет.
Бүгүнкү күндө адам баласынын өнүгүшү жана анын потенциалы өкмөтүн мамлекеттик социологиялык саясатынын негизги приоритети болуп саналат.
Өзгөчө белгилеп кетүү керек, экономиканы дүйнөлүк глобалдаштыруунун шарттарында өлкөнүн тиричилигинин бардык тармагына жогорку билимдүү, жогорку квалификациялуу жана атаандаштык жөндөмгө ээ кадрлар талап кылынат. Билимдүү адам биздин коомубуздун өнүгүүсүнүн негизи, ал эми интеллект экономиканын башкы ресурсу!
Билимдүү жарандардын жаңы муунун тарбиялоо – ата мекендик билим берүү тутумунун кызматкерлеринин башкы милдети.
Сиздерге кесиптик ийгиликтерди, ден соолук жана бакубатчылык каалайм!" - деп жазылат маалыматта.

