БШКнын төрайымы: "46 шайлоо тилкесинен добуш берүүнүн жыйынтыктары келе элек"

46 шайлоо тилкесинен добуш берүүнүн жыйынтыктары келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын ичинде 45 шайлоо тилкеси чет мамлекеттерде, бирөөсү Баткенде. Жалпысынан 98,14 пайыз шайлоо тилкесинен добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат келе элек.
Кечээ, 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. Саат 20:00дө өлкөдөгү шайлоо участкаларында добуш берүү токтотулган. Учурда автоматтык эсептегич урналардагы маалыматтар саат 20:00дөн тарта Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине түшүүдө.
Көрсөтүлгөн убакытка карата 4 партия босого чегинен өттү. Алар: "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:07
2021-01-18
1:41
2020-11-15
18:03
2020-10-31
9:23
2020-10-26
12:55
2020-10-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Bars88

05.10.2020. 14:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жол алыс экен да келе элек болсо же пробкада турабы.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.