super.kg logo

Гүлшайыр Садыбакасова: "Апа" аттуу ырды Эркинтайым каза болорунан 2 апта мурда мага арнап жаздырган экен"

 

Кыргыз Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова уулу Эркин Садыбакасовдун 40 күндүгүн өткөргөнүн жана уулу каза болордон 2 апта мурун ага арнап ыр жазганын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"2020-жыл 25-август. Мен үчүн каргашалуу күн катары түбөлүк эсимде калды... Бул күнү жалгыз уулум, Эркинтайымдан ажырадым... Ыйга, муңга, күйүткө, арманга, сагынычка, кусалыкка толгон азаптуу күндөр зыпылдап өтүп, баламдын 40 күндүгүн да өткөрдүк... Башыбызга азап жана кайгы-муң түшкөн оор күндөрдө аза-кайгымды, күйүтүмдү бөлүшүп, жылуу сөздөрү менен бүгүлгөн кайратымды тиреп, жоготкон күчүмдү ширеп, кулаган кубатымды жөлөп, кайрылган канатымды сүйөп, уулумдун рухуна бата-дубаларын берип турган калдайган кыргыз калкыма чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдиремин!

Уулум Эркинди Аллахым өз рахматына алып, акыретин абат кылып, бейиштин багын насип кылсын! Эркиним төрөлгөндөн тартып табиятынан маданияттуу, тарбиялуу, билимдүү, жөнөкөй, кичи пейил, адамгерчиликтүү, боорукер болуп чоңойду. Садага болоюнум, Сайкал экөөбүз сени чексиз жакшы көрөбүз. Кош бол уулум, Кудай буюрса, акыретте жолугушабыз!

Ушул "Мама" аттуу ырды Эркинтайым каза болорунан 2 апта мурда мага арнап жаздырган экен. Көзү өткөндөн кийин мага жөнөтүштү. Эркинтайымдын мага калтырган акыркы ыр белеги. Кагылайын каралдым, мен сендей мыкты балага апа болгонума ыраазымын, сен да мага ыраазы бол!", - деп жазып калтырган Гүлшайыр Садыбакасова.

Буга чейин Гүлшайыр Садыбакасованын уулу Эркин Садыбакасов 19 жашында жүрөк оорусунан улам каза болгондугу кабарланган.






Гүлшайыр Садыбакасова: "Эркинтайым каза болорунан 2 апта мурда мага арнап жаздырган экен"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.10.2020. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайрат кылыныз,Гулшайыр эже.Уулунуздун жаткан жери жайлуу болсун.Тагдырдан адам качып кутула албайт экен.Сизге кулайым куч-кубат берсин.Сайкал бактылуу болсун.
JaneEr түзөттү 2020-10-05 15:59:32
05.10.2020. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым эчкимди баласынан ажыратпасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: