super.kg logo

"Мал багышат", "бут кийими жок", "үй-бүлөдөгү көйгөйлөр". Окуучулар эмне себептен сабактан калышат? (статистика)

 
2019-2020-окуу жылынын башында 3 миңге жакын окуучу мектепке барган эмес, алардын 42 пайыздан ашыгын 11-15 жаш курактагы балдар түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

2019-2020-окуу жылынын башына карата сабакка кирбеген балдардын жалпы санынын ичинен:

  • 1 миң 500 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар. Алардын мектепке барбагандыгынын негизги себеби - мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн адистештирилген мектептердин жеткиликсиздиги. Мындай балдар үчүн адистештирилген мектептердин көпчүлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкан.
  • Сабакка киришпеген балдардын эң көп үлүшү (0,5 пайызы) Нарын облусуна туура келет. Анын себеби балдар мал багууга ата-энелерине жардам берүү менен алар жайыттарда болгондугу. Алардын көпчүлүгү сабакка октябрда же ноябрда гана киришери менен шартталган.
  • 900 бала же алардын үчтөн бири үй-бүлөдөгү материалдык кыйынчылыктарга байланыштуу келе албай калган (бут кийимдин, кийимдин жана мектепке керектүү буюмдардын жоктугу), ошондой эле үй-бүлөлүк жагдайлары кыйын же жайсыз үй-бүлөлөрдүн балдары дагы сабактан көп калган.
  • Балдардын мектепке барбай калуусунун дагы бир маанилүү себеби анын иштеп жаткан жумушу болуп саналат. Мында сабакка барбаган балдардын жалпы санындагы үлүшү 8 пайыздан ашыгын түздү.

Маалым болгондой, 2019-2020-окуу жылынын башталышына карата республикада 2 миң 283 күндүзгү жалпы билим берүү уюмдары иштеген, ал эми алардагы окуучулардын саны 1 миллион 300 миңди түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: