super.kg logo

Мэрия: "Бишкекте Ташкент-Сухэ-Батор көчөлөрү оңдолот"

 

Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен "Көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасы башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, биринчилерден болуп Ташкент көчөсү Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин жана Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот.

Жолдорду оңдоо иштери бүгүн, 5-октябрда башталды.

"Эки көчөдө жол катмары, жээк таштар, ирригациялык түйүндөр жана тротуарлар алмаштырылып, жаңыртылат. Реконструкция иштерин "China Road & Bridges Corporation" кытай компаниясы жүргүзөт. Реконструкция иштерине байланыштуу Ташкент көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки жана Сухе-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүктөрү унаа кыймылы үчүн жабылат. Жолдорду оңдоо иштери күз айларынын соңуна чейин бүткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул убакыттын ичинде калаада 5 көпүрөнүн курулушу жана жалпы узундугу 70 чакырым болгон 60 көчөнүн жолун оңдоп-түзөө пландалууда. Тизмедеги көпчүлүк көчөлөр кеңейтилип, кайрадан оңдолуп чыгат. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: