super.kg logo

24 жаш курагын белгилеп жаткан Айдана Дека: "Туулган күнүм түнкү 12де эле башталды"

 

24 жаш курагын белгилеп жаткан ырчы Айдана Дека учурда өзүнүн жакшылыгын досторунун, жакындарынын жана туугандарынын курчоосунда белгилеп жатат.

Эки коён менен бир ок аттым деген ырчы бүгүнкү туулган күнүндө клибин дагы презентациялап, конокторду дагы тосуп жетишип жаткан учуру.

"24 жаш курагымды, буюрса, өтө жакшы белгилеп жатам. Жакшы сезимдер болуп жатат. Түнкү 12де өзүмдүн продюсерим, жакын досторум жана бийдеги окуучу кыздарым келип сюрприз кылышып ошо менен башталды. Андан кийин дагы абдан сонун улантып кеттик, көптөгөн куттуктоолорду кабыл алдым. Ошондой эле интернет желесинде дагы куттуктагандар абдан көп, бардыгына ыраазычылыгымды билдирем. Ал эми бүгүнкү кечте жаңы клибимди кесиптештерим, досторум жана жакындарымдын курчоосунда презентация кылалы деп чечкенбиз.

Быйыл болсо өтө көптөгөн белектерди алдым. Баалуу, көңүлүмө жаккан, мен баалаган көп түрдүү белектерди алдым. Мага бардык белектер бирдей жакты, мен үчүн бардыгы жагымдуу болду", - деп кубанычы менен бөлүштү ырчы Айдана Дека.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.10.2020. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дека сулуу экен. Кыргыздын кыз келиндери Декадай болуп татынакай болуп, жасанып журо бергиле. Омурун узун болсун. Куйон экоон бактылуу болгула.
05.10.2020. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sultan_bek,Сага чачын жайып кое бергендер жагатго озу.Жоолукчан аялдарга асыла бересин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: