super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча Венгрияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбандар ийгилик жарата алышкан жок

 

Венгриянын Будапешт шаарында 22-сентябрь күнү жыйынтыкталган күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбандар ийгилик жарата алышкан жок. Кыргызстандан эркин күрөш боюнча 6, грек-рим күрөшү боюнча 5 жана кыздар арасында Айсулуу Тыныбекова мелдешке катышып, тилекке каршы, медаль ута алышкан жок. Мелдешке катышкан кыргызстандык балбандар жалпы жыйынтыкта төмөнкүдөй орундарды ээлешти:

 

Эркин күрөш. Эркектер арасында

 

Алексей Крупняков (96 кг) 5-орун    

Алтынбек Алымбаев (55 килограмм салмакта) 8-орун

Иннокентий Иннокентьев (74 кг) 13-орун

Айаал Лазарев (120 кг) 14-орун   

Улукман Маматов (66 кг) 18-орун

Базар Базаргуруев (60 кг) 34-орун

 

Эркин күрөш боюнча Кыргызстан жалпы командалык эсепте 9 упайы менен 15-орунду ээледи.

 

 Эркин күрөш. Кыздар арасында

 

Айсулуу Тыныбекова (59 кг) 7-орун

 

Грек-рим күрөшү. Эркектер арасында

 

Калыбек Жолчубеков (55 кг) 7-орун

Эсенгелди Кожобек уулу (74 кг) 9-орун

Руслан Түмөнбаев (66 кг) 20-орун

Арсен Эралиев (60 кг) 24-орун

Азат Бейшебеков (84 кг) 24-орун

 

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан жалпы командалык эсепте 6 упайы менен 23-орунду ээледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: