super.kg logo

Ооруканаларга 590 адам кайрылып, бирөө каза болду. Митингде жаракат алгандар тууралуу маалымат

 

Бүгүн, 6-октябрь саат 08:00гө карата "Тез жардам" кызматына жана өз алдынча медициналык жардам алуу үчүн кайрылгандардын саны 590 болду. Анын 439уна биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. 150 бейтап ооруканаларга жаткырылса, анын ичинен 13ү кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы, 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

* Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жалпы 288 жаран кайрылса, анын 69у ооруканага жаткырылды. 5 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

* Улуттук госпиталга жалпы 164 киши кайрылып, 58и дарылануу үчүн жаткырылды. Анын ичинен 6 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы, 1 эркек киши каза болду (аты-жөнү белгисиз).

* №1 шаардык клиникалык ооруканасына денесинен ар кандай жаракат алган 30 жаран кайрылып, 7 киши бейтапканага жаткырылды. 1 бейтап кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.

* Чүй облустук ооруканасына 93 киши кайрылып, анын 90у амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. 3 бейтап ооруканага жаткырылды, анын бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

* Улуттук хирургия борборуна 15 киши кайрылып, 13ү медициналык жардам алууда.

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митингге чыгышып, башаламандык орун алды. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү басып алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.10.2020. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайран гана Кыргыз элим дагы кан тогуу,дагы карапайым элдин олуму менен бийлик алмаша турган болду.Ото окунучтуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: