Эне тилге эки мүнөт: "Ач айкырык, куу сүрөөн Алмамбеттей Күлчоро, айкырыкты салды дейт". Ач айкырык, куу сүрөөндү кандай түшүндүңүз?
"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Аркан бою - Бир аз гана, анча-мынча, көп учурда өлчөмгө карата айтылган сөз. Мисалы: Күн тиги кырдан аркан бою көтөрүлө бергенде булар көпүрөнү бүтүштү. (К.Жантөшев)
2. Ат тезегин кургатпай - арадан анчалык убакыт өткөрбөй, тез-тез, тынымсыз, дайыма деген мааниде колдонулат. Мисалы: Ат тезегин кургатпай, кейитип сени ыйлатпай, келип турам бул жайга. ("Олжобай менен Кишимжан")
3. Ач айкырык, куу сүрөөн - абдан катуу, сүрдүү, айбаттуу чыккан ачуу үн, кулак мээни жарган ызы-чуу. Мисалы: Асмандан түшкөн эмедей, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Алмамбеттей Күлчоро, айкырыкты салды дейт. ("Манас").
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.