super.kg logo
  Саясат  

Ош. Автокырсыктан каза болгон милиция кызматкеринин жакындары күнөөлүүлөр жазаланбай жатканына нааразы

 
Жол кырсыгынан каза болгон милиция кызматкери Абдырауп уулу Азаматтын жакындары күнөөлүүлөр жазаланбай жатканына нааразы
Азамат Абдырауп уулунун жетишкендиктери
Азамат Абдырауп уулунун сүрөттөрү
Азамат Абдырауп уулу

Бүгүн, 23-сентябрда ушул жылдын 25-августунда жол кырсыгынан каза болгон милиция кызматкери Абдырауп уулу Азаматтын жакындары маалымат жыйын өткөрүштү. Алар сот органдарына нааразы. Маркум милиция кызматкеринин апасы Саламат Зулпуева “24-августта Азаматтын мурда чогуу иштеген досу Алтынбек Адрахманов үйдөн чакырып кетип, эртеси баламдын өлүгүн алып келишти”,- дейт. Күнөөлүүлөр жазасын алсын деген маркумдун жакындары бир айдан бери телефондогу суйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы чыкпай жатканын айтышат. "Баламды өлтүргөндөр учурда эркиндикте жүрүшөт. Кылмышка шектүү делген Замир Набиев, Замир Маткаримов, Жоодар Ниязов өз жазасын алышсын",- дейт эне. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: