super.kg logo

Сабырбек Жумабеков: "Ооруканага кайрылган бейтаптардын ичинен 88 кишиге операция жасалды"

 

Кечээ, 5-октябрда орун алган митинг башаламандыкка жетти. Башаламандыкта бир канча жарандар денесинен ар кандай жаракаттарды алышып, 1 жаран каза болду.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков аталган медициналык жайга 6-октябрь күнү саат 08:00гө карата 288 жаран кайрылганын билдирди.

"Ооруканага келген жабырлануучулардын 88ине операция жасалды. Анын 44ү аскер кызматкерлери. Ал эми калган 200 бейтапка биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Биздин кызматкерлер түнү менен тыным албай иштеди. Кызматкерлер азыр деле иштөөнү улантып жатабыз", - деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен 6-октябрь саат 08:00гө карата жалпы 590 жаран ар кандай жаракаттарды алып, борбор калаадагы ооруканаларга кайрылганын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.10.2020. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Медицина кызматкерлери азаматсыздар эмгегиниздер АК. Омурунуз узун болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: