"Алты жылдан кийин алдыңарга кайтып келдим". Мелис Мырзакматов Ошко келип, эл менен жолукту
Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ош шаарына чет өлкөдөн кайтып келди. Аны Ош шаарында көптөгөн элдин тобу тосуп алды.
"Ак ийилет, бирок сынбайт экен. Алты жыл өтүп алдыңарга кайтып келдим. Кечигип, силерди күттүргөнүм үчүн кечирим сурайм, мени өлкөгө киргизбей 3 саат текшеришти. Мен жана менин командам болгон күчүбүздү жумшап, көптөн бери талкаланып келген шаарды курдук эле. Ошол эмгектерди билип, тосуп алганыңарды көрүп толкунданып сөз таппай турам. Биз эми да бекем туралы, атуулдук согушка жол бербейли", - деди ал.
Белгилей кетсек, 2015-жылы Ош шаардык соту мурдагы мэр Мырзакматовго "кызмат абалынан пайдаланган" деген берене менен сыртынан өкүм чыгарып, жети жылга эркинен ажыраткан эле. Башкы прокуратура Оштогу көпүрөнүн курулушу боюнча 2013-жылы эки жолу тендер мыйзамсыз өткөрүлүп, мамлекетке ири суммада зыян келген деп тапкан. Ал Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетип, расмий издөө салынган. Мырзакматов өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келген.
5

Супер-Инфо
super.kg видео


















ОШ МЕНИКИ деген созунуз учун 6 жыл куугунтукталганыныз жетет эми!
Кайра шайлоо болсо мэрликке шаардык кеңештин депутаттары арасынан талапкер алып чыгып бир добуштан мэр шайлап алуу укугуна ээ болушат.