super.kg logo

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери кайрылуу жасашты

 
Өлкөдөгү азыркы кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери элге кайрылуу жасашты. Өз кайрылууларында алар жарандарды аскер объектилерине карата мыйзамга каршы келген аракеттерди жасабоого чакырышты.
"Биз, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, биздин өлкөбүз үчүн татаал мезгилде сиздерди биримдикке жана түзүлгөн кырдаалды туура түшүнүүгө чакырабыз. Себеби мамлекетибизди жоготуп алуу коркунучу жаралды. Ушул оор учурдан бардыгыбыз чогуу гана чыгып кете алабыз.
Биз, ардагерлер, Куралдуу күчтөргө маанилүү аскердик объектилерди коргоодо жана кайтарууда көмөк көрсөтөлү деп чечтик.
Ушул максаттарда ардагер уюмдардын мүчөлөрүнүн катарынан Куралдуу күчтөрдүн инфратүзүмдөрүнүн объектилерин кайтарууга жардам берүү үчүн топтор түзүлдү.
Урматтуу жарандар!
Биз сиздерди, Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчыларына жана аскер объектилерине карата мыйзамга каршы келген аракеттерди жасабоого чакырабыз.
Куралдуу күчтөрдө биздин уулдарыбыз, ага-инилерибиз, эже-карындаштарыбыз кызмат кыларын жана Куралдуу күчтөрдүн инфратүзүмү өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоого таасир берген Кыргыз Республикасынын эң маанилүү стратегиялык объектилери болуп эсептелерин түшүнөт деп ойлойбуз жана ишенебиз.
Урматтоо менен Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери!" - деп жазылган ардагерлердин кайрылуусунда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
07.10.2020. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тундо чыкпайт беленер...ырчы чоорчу ьаш болуп токтоттутгоооо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: