super.kg logo

Министр Азамат Жаманкулов: "Митингчилер түндө биздин мекемеге келишип, ал жакты бошотууну, кызматты тапшырууну талап кылышты"

 
6-октябрда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кызматтан кеткени, анын ордуна Кыргыз Республикасынын Эл артисти, музыкант Курмангазы Азыкбаев келгени тууралуу маалымат социалдык тармактарга тараган. Кийинчерээк, министрликтин мекемесине маданият өкүлдөрү чогулушуп, узун талкуу болгон видео тарады. Анда маданияттын абалы тууралуу кеп козголуп, нааразычылыктар айтылып, жыйындын соңунда Азамат Жаманкулов кызматын уланта турганы айтылат.

Талкуу жараткан маалымат боюнча министр Азамат Жаманкуловго байланышканыбызда көтөрүлүшчүлөр келип, кызматты тапшырып кетүүсүн талап кылганын айтат.

"Митинг болгон күнү мекемени кайтаруу үчүн министрликтин кызматкерлери калганбыз. Митингчилер түндө биздин мекемеге да келишип, бул жакты бошотуубузду, мага кызматты тапшырууну айтышты. Ортодо тартышуу болду. "Бизге тынчтык керек, кресло меники эмес, элдики" деп, кызматкерлер менен мекемеден чыгып кеттик. Андан кийин эле Курмангазы Азыкбаев министрдин милдетин аткаруучу болду деген кептер чыгып кетти. Көп өтпөй маданият өкүлдөрү чогулуп, ага мен да катыштым. Курмангазы Азыкбаев министрдин креслосун тартып алайын деген ою болбогонун, митингчилер мекемени талап-тоноп кетишпесин, көзөмөл кылып отуруңуз дегенинен келип отурганын айтты", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.10.2020. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маданият министирин жон эле койгулачы. Башкасы келип эч нерсени жыргатпайсынар. Садыр деген легитимсиз премьер болуп алып эмнени озгортоорун билбей жатам. Мурда Бакиевтердин жанында журчу эле.
Asel69 түзөттү 2020-10-07 11:15:36
07.10.2020. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят эле... Маданият кызматкерлери наам, акча эле болду силерге. Жетишинче тойдон алып жатасыңар дагы эмне керек? Азамат Жаманкулович эң мыкты кадр. Билимдүү, адекватный, тил билет. Тигилер отуруп алып эле маданият деп оозу менен орок оро беришет экен. Ж.Жанжигитов адам эмес окшойт, эптеп эле маданият министри болуп алайын деп жатат.
Glucke түзөттү 2020-10-07 11:38:05
07.10.2020. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курмангазы охрана.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: