super.kg logo

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз өлкөсүндөгү окуялар боюнча билдирүү жасады

 

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз өлкөсүндөгү окуялар боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, алар Кыргыз өлкөсүндөгү болуп жаткан окуялар жакынкы күндөрү мыйзам жолу менен калыбына келерине тилектеш экендигин билдиришкен.

"Өзбекстан Республикасы Кыргыз өлкөсүндөгү соңку жагдай жана курч кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирет. Жакын коңшу, стратегиялык өнөктөш катары Өзбекстан боордош кыргыз элин укуктук талаага кайтып келип, тез арада абалды турукташтырарына үмүттөнөт жана ишенет", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары Кыргыз өлкөсүнүн стабилдүүлүгү Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнүгүшү үчүн дагы маанилүү фактор болуп эсептелинерин кошумчалаган.

Эске салсак, 6-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына Өзбекстанга кирүүгө чектөө киргизилген. Ал эми жүк ташуучу унааларга чектөө коюлган эмес.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: