super.kg logo

Акча которуу жана эл аралык төлөм системдеринин иши токтотулду

 

Улуттук банк коммерциялык банктарга жана финансы-кредит уюмдарына 7-октябрында өз ишин токтотуп, өлкөбүздө саясий абал туруктуу болгонго чейин коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштайт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан маалымдашты.

* Улуттук "Элкарт" төлөм системасы нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну улантууда. Төлөмдөр жана эсептешүүлөр нак эмес жана аралыктан төлөөнүн ар кандай инструменттерин банктык төлөм карттарды, электрондук капчыктарды, "Элкарт Мобайл" мобилдик тиркемелерин, QR-коддорду жана башканы колдонуу менен ишке ашырылышы мүмкүн.

* Ошол эле учурда акча которууну камсыз кылган улуттук төлөм системаларынын, ошондой эле чек ара аркылуу төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүндүк берген эл аралык төлөм системаларынын иши токтотулду.

* Улуттук банк финансылык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелер боюнча финансылык уюмдарга онлайн кызмат көрсөтүүлөрү (телефон, электрондук почта, социалдык түйүндөр жана мессенжерлер) аркылуу кайрылууну сунуштайт.

* Финансылык уюмдардын иштөө режими, финансылык продуктулары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалыматтарды алардын интернет-сайттарынан алууга болот.

Улуттук банк жагдайды байкоого алып турат, зарыл болгон учурда өлкөнүн финансылык жана банк системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды колдонот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
07.10.2020. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Токтоткула болду бутту. Элдер оз ишин кылсын
07.10.2020. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Банктар онлай, банк аралык акча которууларды, чек аралар сыртка ири суммадагы акчанын чыгуусун козомолдоп, токтотуп туруу менен казынадан уурдалган акчалардын сыртка чыгып кетпоосуно богот коё алат. Ким билет балким буга чейин деле чыгып кетти далай акчалар
07.10.2020. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
akmanai,туур бул башынан уюшулган,чыгарып кетишти ,калган катканын болсода кармап турсун эми
07.10.2020. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жерде банк,банкоматардын иштебей турганы абдан жакшы ушулжерде кимдин башы иштеседа туура кылды.Бут банк системалардын очургону мамлекеткеда пайдасы бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: