super.kg logo
  Саясат  

Курсан Асанов Ички иштер министрлигинин толук курамы менен жолугушту. Ал коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтты

 

Бүгүн, 7-октябрда ички иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Курсан Асанов милиция кызматкерлеринин толук курамы менен жолугушту. Жолугушуу эски аянттагы өкмөт үйүнүн алдында орун алды.

Анда Курсан Асанов учурдагы абал тууралуу кыскача айтып, милиция кызматкерлери эл менен чогуу иштеши керектигин билдирди. Ал Бишкекте жана аймактардагы коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

"Түндө элдик кошуундар менен биргеликте милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту көзөмөлдөштү. Талап-тоноо катталган жок, талкалоолор болду", - дейт.

Ал эми журналисттердин министр Кашкар Жунушалиевдин "кайда" деген суроосуна ал тууралуу маалыматы жок экенин, билбей турганын айтты. Ошондой эле ал бардык аймактардагы ички иштер башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилери алмашпай турганын, милиция мурдагы калыбында коомдук коопсуздукту, тартипти сактап иштөөнү улантарын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: