Финпол: "Чагымчылдар имаратка күч колдонуп кирүүгө аракет кылышты"
Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) штаттык негизде иштеп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Өткөн күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына катуу кысым көрсөтүлдү. Айрым кызыкдар адамдар, алардын айрымдары талаптагыдай эмес абалда ар кандай чагымчылдыктарды жасашты. Имаратка күч колдонуп кирүүгө аракет кылышып, кызматкерлерге жана жетекчиликке карата уят сөздөрдү айтып, мушташып, урушуп жатышты. Бирок жетекчилик жана өздүк курам, элдик кошуундар менен бирдикте имаратты коргоого жетишти.
Мамлекеттик кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын нормалдуу иштешин бузууну каалаган чагымчылдардын манипуляцияларына алдырбай, айрым кылмыш иштерин тергөө процессине таасир этүүгө (материалдарды жана буюмдарды жок кылууга) жол берилген жок.
Финполдун жамааты тышкы кийлигишүүгө жол бербейт", - деп айтылат маалыматта.
