super.kg logo

Нарын ОИИБи: "Кара-Кече көмүр кенин басып алуу аракети болгон деген маалымат чындыкка дал келбейт"

 
Нарындагы Кара-Кече көмүр филиалы боюнча интернетке тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Интернетке 6-октябрь саат 15:00 чамасында Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалын белгисиз адамдар басып алгандыгы, кассадан акча каражаттарын алып, акча төлөбөстөн көмүр ташып кетип жатышкандыктары тууралуу маалымат чыккан. Бул иш крим авторитет Мурат Кадыркулов (каймана аты Саяк) тарабынан уюштурулганы айтылган. Аталган факты Жумгал РИИБинин тарабынан каттоого алынып, учурда ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында ал жерден эч кандай талап-тоноочулук катталбагандыгы аныкталган.

"Бүгүнкү күндө "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалында саясий кырдаал тынч, кызматкерлер күндөгүдөй эле көмүр чыгарышып, толук кандуу иш жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.10.2020. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги кримавторитет оозунарды жапкыла деп койдубу?Кечээ эле ызы чуу болуп атышты эле,бугун тоо кордунбу жок,бээ кордунбу жок болуп калыптыр го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: