Бишкектеги митингде 3 өрт өчүрүүчү унаа жараксыз абалга келди
Бишкектеги баш аламандыкта 3 өрт өчүрүүчү унаа талкаланып, жараксыз болуп калды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров жыйында айтты.
Анда министр коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу, калк арасында түшүндүрүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, өрт-куткаруу иштерин ыкчам алып баруу тууралуу тиешелүү башкармалыктардын башчыларына тапшырма берди.
“Республика боюнча бардык түзүмдүк бөлүмдөр өз жумуштарын күнү-түнү дебей күчөтүлгөн режимде иш алып барышсын. Коронавирус илдетине чалдыккандардын саны көбөйүп кетти, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аралыкты сактоо, бет кап тагынуу эрежелерин эскертүү, дезинфекциялоо иштерин улантууну талап кылам.
Биз саясатка аралашпайбыз, өзүбүздүн милдетибизди аткарабыз. Мамлекетибизде оор күндөр болду, ошого карабастан министрлик өз ишин улантууда. Ак Үйдө өрт чыкканда, биздин өрт өчүрүүчүлөр өз ишин аткарып жатышты. Үч өрт өчүрүүчү унаа талкаланып, жараксыз болду. Кандай гана жагдай болбосун, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эл үчүн кызмат кылат, өрттү өчүрөт, табигый кырсыктардан коргойт, алдын алат - бул биздин милдет”, - деди министр Замирбек Аскаров.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери штаттык режимде иш алып барууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nurka_85

07.10.2020. 16:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Митингдин атын жамынып алып тартип бузгандардын жазасын бериш керек. Сооронбай Шарипович өзүңүз эле абалды колго алып, турукташтырып коюп анан бара бериңиз. Күч органдары ар кимге ар нерсени сүйлөтпөй, буздурбай , сындырбай тараткыла.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.