super.kg logo
  Саясат  

"Ар-намыс" фракциясы "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган долбоорду кайра иштеп чыгууга жөнөттү

 
Парламенттеги "Ар-намыс" фракциясы 23-сентябрдагы жыйынында "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган меморандумду кайра иштеп чыгууга жөнөтүү чечимин кабыл алды. Мындан кийин долбоорду ЖКнын кароосуна алып чыгуу тапшырмасы берилди. Айта кетсек, фракцияда меморандум боюнча Жантөрө Сатыбалдиев маалымат берди. Меморандумга ылайык, ишканадагы пайда эки тарапка теңме-тең бөлүнмөкчү.  Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: