Ош шаарынын мэри кызматына кайтып келди



Бүгүн, 7-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында мэр Таалайбек Сарыбашовду колдоо митинги өттү. Анда тарапташтар Сарыбашовдун кызмат ордуна кайра кайтып келүүсүн талап кылышты.
Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы буларды билдирди.
"Кечээ жарандар "Бир Бол” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дүйшөн Төрөкуловдун мэр болушун каалап жатса, экинчи тарап мурунку калаа башчысы Мелис Мырзакматовдун, ал эми айрымдары Таалайбек Сарыбашов мэр болуп келсин деген талап менен митингге чыгышкан. Кооптуу маселе жаралгандыктан мэр кызматты убактылуу тапшырган. Бирок расмий түрдө арыз жазган эмес. Бүгүн элдин талабы менен Сарыбашов кайра ишин улантып жатат.
Буга чейин мэрияны ээлеп алгандар мекемени бошотуп, чыгып кетишти. Мэр тиешелүү тапшырмаларды берип жатат", - деди маалымат катчы.










1 |