super.kg logo

Бириккен улуттар уюму Кыргыз өлкөсүндөгү кырдаалга кабатыр экенин билдирди

 

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 7-октябрда Бириккен улуттар уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү дайымкы координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бириккен улуттар уюму Кыргыз өлкөсүндөгү кырдаалга тынчсызданууда. Өзгөчө чет элдик инвесторлордун ишканаларына кол салууга кабатыр болууда.

Озонниа Ожиелонун айтымында, Кыргыз өлкөсү кыска убакыттын аралыгында конституциянын негизинде улуттук саясий күч менен укуктук талаага кайтып келиши керек. Бириккен улуттар уюму президент, Жогорку Кеңеш жана саясий күчтөрдүн сүйлөшүүсү үчүн аянт түзүп берүүгө даяр.

Министр Чыңгыз Айдарбеков бул кырдаалдан чыгуу, COVID-19 илдети менен күрөшүү, Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө мүмкүн экенин айтты. Бул маселелерди чечүүдө БУУнун колдоосунан үмүт артарын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: