Тактыдан кулатылган Сооронбай Жээнбековдун өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кезектеги кайрылуусу
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрда өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасады.
«Урматтуу мекендештерим!
Айрым саясий күчтөрдүн аракеттеринен улам өлкө азыркы саясий туңгуюкка кептелгенине мына 3 күн болду. Бардык кыргызстандыктардын жүрөгү ооруп турат. Ушул кырдаалдын чечилишин талап кылып жатканыңарды толук түшүнөм. Президент катары ушул абалдан тезирээк чыгууга болгон күч-аракетимди жумшап жатам. Ушул максатта ар кыл саясий тараптар менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатам.
Урматтуу саясий күчтөрдүн жетекчилери, азыркы саясий туңгуюк абалдан чыгуу үчүн менден, президент катары талап кылынчу кадамдарга даяр экенимди дагы бир ирет билдирем. Бирок кырдаалды жөнгө салуу милдетин алам деген тараптардан сүйлөшүү үчүн бирдиктүү аянтча сунуштала элек. Азыркы учурдагы кызмат алмашууларды легитимдештирүү зарыл.
Ал үчүн сиздер билгендей, Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыктарына кол коюшум үчүн парламент кадрдык дайындоолор жөнүндө тиешелүү токтомдорду киргизиши керек.
Азыр пайда болгон саясий туңгуюктан өлкөнү алып чыгуу үчүн ушул расмий документтер зарыл.
Урматтуу мекендештерим, сиздердин сабырдуулугуңуздарга таазим этем. Ошону менен катар саясий күчтөрдөн конкреттүү, иштиктүү кадамдарды күтөм. Жараткан өзү жар болуп, элибиз аман, жерибиз тынч болсун».

3 жыл ичинде элге,мамлекетке эмне иш жасадын.Жон гана мамлекетибизди онуктуробуз деген созду кайталап журуп откордун.Эмнеге шайлоо болоордон мурун элге кайрылып мамлекеттик кызматта иштегендер паспортторунарды сурагандар болсо дароо кайрылгыла туз эфир аркылуу.Катуу жазага тартууга буйрукту жеке озум беремин деп айткан жоксун.Ининди саясаттан четтетишин керек болчу.Чек ара боюнча эч бир ооз ачкан жоксун.Дача Су боюнча дагы пикиринди билдире элексин.
Жаманбы жакшыбы Сооронбай Шарипович жеке менин оюмда жакшы эле иштерди жасады..