Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев депутаттардын тобу менен жолугушту
Жогорку Кеңештин убактылуу төрагасы Мыктыбек Абдылдаев депутаттардын тобу менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев жаңы эле депутаттардын тобу менен жолугушту. Бүгүн бул сыяктуу бир катар жолугушуулар, жыйындар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Жогорку Кеңештин имараты талкаланып, талап-тонолгондуктан депутаттардын жана спикердин туруктуу иш орду жок. Жолугушуулардын бардыгы ар кайсы жерлерде өтүп, убактылары да так болбогондуктан, журналисттерди чакырууга мүмкүн болбой жатат. Консультациялар тез арада натыйжа берип, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүү чечилсе, сиздерге алдын ала кабарлайбыз", - деп жазылган билдирүүдө.
