Бишкек ШИИББи: "Милиция кызматкерлери 2-октябрдан бери уктай элек"



Эң оор кырдаалдарда милициянын кызматкерлери жарандык кийимдерди кийип шаарды коргоп жатышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Милициянын кызматкерлери 2-октябрдан тарта уктай элек. Алардын баары шайлоого карата күчөтүлгөн режимде иштеп баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин милиция кызматкерлери нормалдуу эс ала элек. Бул уйкусуз түндөр аябай оор болду. Биз баарыбыз эмне болуп жатканын көрдүк. Бул учурда милиция кызматкерлери борбор калааны таштап кеткен жок. Алардын баары күнү-түнү кызматтык милдеттерин аткарып жатат.
Бул жакта милицияны элден бөлүүгө аракет кылган өзүнчө күчтөр Бишкекте кечээ түнү милиция кызматы иштеген жок деген маалымат таратып жатышат. Бардык милиция кызматкерлери элдик кошуун менен биргеликте жарандык кийимдер менен күзөткө чыгышты", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
2

Менин акемдин баласы иштейт ИИМде.Качан үйүнө барсак,жумушта болот.Майрамдарда дээги болбойт.Коноко чакырсак,келсе эл кайтаарда,барат.Иштери оор.Туура түшүнгүлө.Менин иним да,уктабай,үй бетин көрбөй жүрөт экен да...козум.