super.kg logo

Өлкөдө банктардын иши кайра жандандырылды

 

Бүгүн, 8-октябрга карата өлкөдөгү банктар ишин жандандырды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, калкты банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги түрлөрү менен камсыз кылуу үчүн коммерциялык банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына кайрадан иштеп баштоо сунушталды.

* Эмгек акыларды, пенсияларды, жөлөк пулдарды өз убагында алуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле калкты нак акча менен камсыз кылуу максатында өлкөдөгү бүгүнкү кырдаалды эске алып, финансылык уюмдарга иш убактысын саат 09:00дөн тартып 15:00гө чейин белгилөө сунушталат.

* Финансылык уюмдар калкка банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги түрлөрүн сунуштоо ишин улантат, ошондой эле төлөмдөрдү жана которуу операцияларын улуттук төлөм системалары боюнча гана жүргүзөт. Нак эмес төлөмдөрдү жана которууларды өлкө ичинде жүргүзүүдө, онлайн кызмат көрсөтүүдө коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле банкоматтардын, POS-терминалдар менен төлөм терминалдарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жагында чаралар көрүлөт.

* Чек ара аркылуу (өлкөнүн чегинен тышкары) төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүндүк берген эл аралык төлөм системалары боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү Улуттук банктын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин токтотулду.

* Улуттук банк финансылык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелер боюнча финансылык уюмдарга алардын онлайн кызмат көрсөтүүлөрү аркылуу кайрылууну сунуштайт. Ал эми финансылык уюмдардын иштөө режими, финансылык продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды алардын интернет-сайттарынан алууга болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: