Күндүн сүрөтү. Элдик кошуундар, ыктыярчыларга арнап тартылган сүрөт көпчүлүктүн көңүл чордонунда
Учурда өлкөдө абал тынч. Ал эми социалдык тармакта элдик кошуундарга, ыктыярчыларга арнап тартылган Татьяна Зеленскаянын сүрөтү көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алды. Азыркы учурда сүрөттү социалдык тармактын колдонуучулары өз баракчаларына бөлүшүп, ыктыярчыларга жана элдик кошуундарга ыраазычылык сөздөрүн арнап жаткан чагы. Анда "Ыктыярчылар пандемия учурунда дагы, кечээ дагы эл кызматында. Азаматтар!", "Өлкөдө болуп жаткан окуяларга сарсанаа болуп жатабыз" деген өңдүү пикирлерин социалдык тармактын колдонуучулары калтырышкан.
Өлкөдө 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптар тарабынан 5-октябрда митинг уюштурулган. Анын натыйжасында топтолгон эл Ак Үйдү басып алышып, баш аламандык жаралды. Мындан улам элдик кошуундар, ыктыярчылар тобу түзүлүп, борбор калаадагы имараттарды талап-тоноочулукка алдырбай түнү кайтарып жаткан кези.
