super.kg logo

"56 күндөн бери каттала элек болчу". Министр Бишкекте эпидемиологиялык абал татаалдашып кетиши мүмкүн экенин айтты

 

Бүгүн, 8-октябрда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйын өткөрдү. Анда министр Бишкекте эпидемиологиялык абал курчуганын айтты.

Бишкек шаарында бир суткада 77 жаран илдетти жуктуруп алды. Мындай көрсөткүч шаар боюнча 13-августтан бери (56 күн мурун) аныктала элек болчу.

“Азыркы болуп жаткан көрүнүш негизги профилактикалык иш-чаралардын такыр сакталбаганы (маска кийүү, физикалык аралыкты сактоо, кучакташуу жана башка) таасирин бере баштады. Эки апталык көрсөткүчкө ылайык, инфекциянын жайылышы тездеп жатат.

Кечээ жана бүгүн илдетти жуктургандардын эң көп жаңы учурлары катталды, ушундай эле сан акыркы жолу 56 күн мурда катталган. Эгерде буга чейин түштүктө кырдаал курч болсо, азыркы тапта Бишкек шаарында да эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып кетиши мүмкүн экендиги байкалууда", - деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: