super.kg logo

"Ал Жээнбековдун адамы". Каржы министрлигинин жамааты Бактыгүл Жээнбаева боюнча билдирүү жасашты

 

Каржы министрлигинин жамааты башчысы Бактыгүл Жээнбаева менен иштеше албайт. Бул тууралуу министрликтин кызматкерлери билдирүү таратышты.

Алардын айтымында, Бактыгүл Жээнбаева Каржы министрлигинин ишиндеги кесипкөйлүгүнүн жоктугуна жана мамлекеттик кызматта тажрыйбасынын жетишсиздигине нааразычылыгын билдиришкен.

"Каржы министри өзүнүн ишинин жүрүшүндө массалык жумуштан кетирүү саясатын жүргүзгөн. Алардын ордуна сабатсыз кадрлар келишкен. Мындан тышкары, ал кызматкерлерге өзүнүн кызыкчылыгына ылайык чечимдерди кабыл алышы үчүн кысым көрсөтүп, кызматкерлердин укуктарын бузуу саясатын жүргүзгөн.

Анын тапшырмасы боюнча ушул жылдын январь-апрель айларында саламаттыкты сактоо тутумуна өз убагында каржылоо жүргүзүлгөн эмес. Ушуга байланыштуу жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздигинен улам медициналык кызматкерлердин массалык инфекция жуктурушуп, дары-дармектерди бир нече жолу жогорулатылган баада сатып алынгандыгынан улам мамлекеттик бюджетке ири зыян келтирилген жана адамдардын өмүрү кыйылган.

Ал президент Жээнбековдун жакын адамы экендигине байланыштуу пандемиянын жайылышынын кесепеттери үчүн жоопко тартылган эмес. Ушуга байланыштуу Каржы министрлигинин кызматкерлери Жээнбаеванын бул кызматты ээлөөгө моралдык укугу жок жана команда келечекте анын жетекчилиги астында иштегиси келбей тургандыгын билдиришет", - деп жазышкан Каржы министрлигинин кызматкерлери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: