Башкы прокуратура штаттык режимде ишин улантып жатат
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы штаттык режимде ишин улантып жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура штаттык режимде иштеп жатат. Бардык кызматкерлер өз милдеттерин аткарышууда. Башкы прокурордун орун басары участкаларда көзөмөлдөө ишин алып барууда.
"Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Башкы прокуратура мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү өлкөнүн конституциялык органы болуп саналат. Бул учурда Башкы прокуратуранын кызматкерлери өз күчү менен имаратты жана документтерди сактап калууга аргасыз болду. Учурда имаратты, ошондой эле документтер дагы коопсуз жерде.
Мындан сырткары Башкы прокуратуранын жамааты коопсуздукту сактоодо элдик кошуундарга жана ыктыярчыларга ыраазычылык билдирет", - деп айтылат маалыматта.
