super.kg logo

Ысык-Көл облусунда милициянын жана элдик кошуундардын гарнизондук разводу болуп өттү

 

Бүгүн, 8-октябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында, башкармалыктын борбордук аппаратынын, Каракол шаардык, Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, Каракол шаардык күзөт бөлүмүнүн өздүк курамынын жана элдик кошуундарынын гарнизондук разводу болуп өттү.

Өздүк курам жана элдик кошуундарынын алдында сөз алган Ысык-Көл ОИИБинин жетекчиси Улан Асанбаев учурда милициянын негизги милдети элдик кошуундардын мүчөлөрү менен тыгыз байланышта облусубуздун аймагында коомдук коопсуздукту жана жарандарыбыздын тынчтыгын сактап калуу болуп саналарын белгиледи. Негизгиси, айрым адамдар азыркы учурдан пайдаланып, ар кандай талап-тоноочулукка жана укук бузууларга баруу ниеттерин жокко чыгаруу керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле ушундай оор мезгилде коомчулуктун активдүү катмарынын облуста түзүлгөн абалды турукташтырууда кошкон салымын өзгөчө белгилеп, милициянын өздүк курамынын атынан ыраазычылыгын билдирди. "Сиздердин кошкон салымыӊыздар облусубуздагы абалды стабилдештирүүгө негизги өбөлгөсүн түздү. Бул коопсуздукту камсыз кылууда биздин коомчулугубуздун орду өтө маанилүү экендигин дагы бир жолу тарых далилдеди. Себеби коркунуч жана мыйзамсыздык үстөмдүк кылган коомдо эч бир өнүгүү болбостон ал туӊгуюкка барып такалат", - деп белгиледи Асанбаев.

Ушундай эле гарнизондук разводдор облустун башка шаар жана райондорунда болуп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: