Өкмөттүк аппараттын жетекчилерине мамлекеттик органдардын штаттык режимде иштөөсүн көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди
Өкмөттүк аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын болду. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга карабастан коронавирус инфекциясы пандемиясы күч алып жатканы белгиленди.
Бул кооптуу илдет бир сутка ичинде 245тен ашык жаранга жукту. Өлүм дагы катталды. Жарандарга санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин активдештирүү керектиги айтылды.
Жыйында негизги маселелердин бири болгон 2021-жылы тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн жогорку чекте болорун эске алуу менен республикалык бюджеттин аткарылышы жана тышкы карыздарды реструктуризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.
"Бардык кыйынчылыктарга карабастан, мамлекеттик органдар буга чейин кабыл алынган бардык социалдык милдеттенмелерди аткарууну улантышат", - деп белгилешти жыйындын катышуучулары.
Мындан тышкары мамлекеттик органдардын жетекчилери күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселесин талкуулашты.
"Бардык социалдык мекемелер керектүү көлөмдө көмүр менен камсыздалып, ал эми жылуулук электр борборлору жылытуу мезгилине толугу менен даяр болушу керек", - деп жыйынында баса белгиленди.
Өкмөттүк аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине көзөмөлгө алынган мамлекеттик органдардын штаттык режимде иштөөсүн көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.
