Бишкекте кудукка түшүп кеткен эркек бала куткарылып, ооруканага жаткырылды
Бишкекте кудукка түшүп кеткен 21 жаштагы бала куткаруучулар тарабынан куткарылып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.
Окуя бүгүн, 9-октябрь күнү таңкы саат 05:35те Биринчи Май районуна караштуу Абдрахманов жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги кудукка 1999-жылы туулган эркек бала түшүп кеткен. Окуя болгон жерге ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, баланы кудуктан чыгарышкан. Аны "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда абалы канааттандырарлык.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.