"Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлайбыз деген жыйынга айрым депутаттарды колунан кармап, колтуктап келе жатышканын көрдүм" дейт Клара Сооронкулова
Бүгүн, 9-октябрда "Республика", "Бир бол", "Ата Мекен" жана "Реформа" партиялары "Акыркы үмүт" деп аталган саясий бирикме түзүшкөнүн айтышты. Анда "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова Садыр Жапаровду шайлайбыз деген жыйынга айрым депутатттарды күч менен алып келип жатышканын көргөнүн айтты.
"Мыйзамдуу процедуралар сакталышы керек. Өткөндө жыйында Садыр мырза айтты, мен акталып чыктым, Жогорку Соттун актоо боюнча токтому чыкты деп. Бүгүн Жогорку Соттун башка токтому чыгып жатат, эми билбей жатам кандайча акталды деген сөз айтылып калганын. Бирок бир нерсени айтып коюу керек, мыйзам боюнча азыр жаңы ачылган жагдайлар боюнча сотко чейинки териштирүүгө кетти. Жапаров ушуну айтып коюш керек болчу. Мыйзам боюнча анын премьер-министрликке талапкер болууга укугу барбы деген суроо турат.
Мыктыбек Абдылдаев буга чейин "биз аны премьер-министр кылып шайлаган жокпуз, коалиция анын талапкерлигин көрсөттү, эми Жогорку Кеңеште жыйын болуп анан бекитебиз" деди.
Азыр революцияга ээлик кылып ар кандай күчтөр чыгып жатат. Революцияны эл жасады, кырдаалды пайдаланып саясий күчтөр уюшкан кылмыштуу топтор менен биригип алып бийликти басып алышты. Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлайбыз деген жыйында мен да отурдум. 35 депутат келди, айрым депутаттарды эки тарабынан колтуктап, кармап алып келишти. Аларга басым болду. УКМКга депутаттардын коопсуздугун камсыздап туруп, жыйынга алып келип бергиле деп кайрылат элем. Алар топтолгондо гана легитимдүү кызмат орундар дайындалат. Жапаровду өкмөт башчылыкка дайындоону эч ким билген эмес, мен жыйынга келип таң калдым", - деди.

.